Банктар насыя берүүнү 12% көбөйтүштү

Кыргызстандын банктары 2023-жылдын биринчи жарымында насыя берүүнү 12% көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Регулятордун маалыматы боюнча, банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 30-июнга карата 228,4 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 11,9%га өскөн – 2022-жылдын аягында 204 млрд сомду түзгөн.

Тармактар боюнча кредит портфели:

• өнөр жайга кредиттер 12,9 млрд сомду (-5,8%) түздү;

• айыл чарбасына кредиттер – 41,5 млрд сом (+12%);

• соодага кредиттер - 64,2 млрд сом (+14,3%);

• курулушка кредиттер - 12,2 млрд сом (-5,3%);

• ипотекалык кредиттер – 26,3 млрд сом (+8,1%);

• керектөө кредиттери – 42 млрд сом (+27,1%);

• башка кредиттер – 29,1 млрд сом (+8,8%).