Бишкектеги санитардык полигондо кагаз декларациялары өрттөлөт

2023-жылдын 7-августунда Бишкек шаардык санитардык полигонунда жеке жактардын декларацияларынын кагаз бланктары өрттөлөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев билдирди.

Анын айтымында, процесс атайын түзүлгөн комиссиянын жана журналисттердин катышуусунда өтөт. Ушул эле күнү «Салык сервис» мамлекеттик мекемеси электрондук декларацияларды жок кылат.

«Биз баарын даярдап койгонбуз. Санкцияда же эл аралык издөөдө жүргөн адамдардын тизмелерин текшердик. Алардын декларациялары жок кылынууга жатпайт. Декларацияларды жок кылуу менен биз аны кийинки жылдарда тапшыруу милдеттенмесин жокко чыгарбайбыз», - деди Бекболот Алиев.

Жеке жактын Бирдиктүү салык декларациясы ишкердик менен алектенбеген (FORM STI-100), салык салынуучу кирешеси жок (жөнөкөйлөштүрүлгөн) (FORM STI-103), мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун алмаштырган жана ээлеген (FORM STI-155), жеке жак үчүн декларация (FORM STI-079) ошондой эле салык декларациялары жоюлууга тийиш.