Улан Орозбаев «Евразиялык сактык банкын» төрагасы болуп дайындалды
Улуттук банк «Евразиялык сактык банкы» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматына Улан Орозбаевдин талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алды. Мындай маалыматты Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Мындан тышкары, Улуттук банк Таалайбек Алыбаевдин талапкерлигин ушул эле банктын башкармалыгынын мүчөлүгүнө бекитүү чечимин кабыл алды.
Эске салсак, Орозбаев буга чейин «Росинбанк» ААКсынын башкаруучу директору кызматын аркалап келген.