Бишкектеги «Дубровский» рестораны талкаланат – анын баасы 48.4 млн сомду түзөт

Бишкектеги 7-Апрель көчөсү, 159 дарегиндеги  «Дубровский» ресторанын имараты Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өтүп демонтажалат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, ресторандын ээлерине жер участокторун ижарага берүү укугун берүү боюнча Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин комиссиясынын отурумунун чечими менен ижара келишимин узартуудан баш тартылды. Автобустук линияны кеңейтүү зарылдыгына байланыштуу башка жер тилкесин берүү чечими кабыл алынды.

Бул чечимдин негизинде ресторандын ээлерине Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгы тарабынан болгон имаратты демонтаждоо тууралуу билдирүү тапшырылды.

Бирок ижарачы мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү каалоосун билдирип, келишимге ылайык жалпы аянты 500 чарчы метрге жакын ресторандын имараты өткөрүлүп берилген, ошондой эле аянты 0.37 га болгон мурда ижарага алынган жер тилкеси кайтарылды, имарат 48.5 млн сомго бааланууда.

Белгилей кетсек, ижарачы тарабынан эч кандай дооматтар жок. Андан ары жол-жоболук учурларды сактоонун алкагында Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалык тарабынан болгон чарбалык курулуштарды демонтаждоо жолу менен муниципалдык жер участогун бошотуу жөнүндө билдирүү берилген. Бирок ээси Бишкек шаарынын социалдык муктаждыктары үчүн аянты 493 чарчы метр турак эмес жайды муниципалитетке акысыз негизде өткөрүп берүү ниетин билдирген.