Кыргызстанда «Акылай!» үн жардамчысы пайда болот

Кыргызстанда кыргыз тилдүү Акылай» үн жардамчысы пайда болот. Бул тууралуу «Клооп» редакциясы жазып чыкты.

Такталгандай, дардамчыны түзүүнүн үстүндө иштеп жаткан топ кыргыз тилин кеңири жайылтууну жана санариптик дүйнөдө келечекти берүүнү каалайт.

Учурда Акылайдын үн версиясы жок, бирок буга чейин 100 миллиондон ашык сөздү билет жана кыргыз тилиндеги тексттерди талдай алат.

Долбоордун авторлору Акылайды үн жардамчысы катары гана эмес, маселен, колл-борборлордо ассистент катары, ал тургай каалаган курактагы адамдар үчүн кыргыз тилин үйрөнүү үчүн жардамчы катары колдонушат деп үмүттөнүшөт.