Бишкектин «Ош» базарынын аймагындагы башалман соода менен болгон күрөш уланууда

2023-жылдын башынан бери муниципалдык администрациясынын кызматкерлери - Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, «Тазалык» МИ жана Ленин райондук ИИБнын милиция кызматкерлери менен биргеликте «Ош базары» СБКнын аймагындагы мыйзамсыз башаламан сооданы жоюу үчүн 154 рейддик иш чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жыйынтыгында 280 башаламан соодага өбөлгө түзгөн объекттер  (зонттор, столдор, металл конструкциялары, жыгач конструкциялар), 29 араба алынып, 63 протокол түзүлүп 209 миң сомго айып пул салынган.

Алынган материалдар Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын штраф базасына жеткирилген.

Бүгүнкү күндө мыйзамсыз башаламан сатуучуларды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.