Айыл чарба министрлиги канаттуулардын эти менен алектенген ишкерлерге эскертет — нитрофурандар текшерилет

Канаттуулардын эт азыктарында нитрофурандардын бар-жоктугуна экспертиза өткөрүлөт. Буга чейин мындай аныктоо ыкма болгон эмес. Мындай билдирүүнү Айыл чарба министрлиги канаттуулардын азыгы менен алектенген ишкерлерге карата айтты.

Нитрофурандар — канаттуулардын ар кандай инфекцияларынын алдын алуу
үчүн өндүрүштө колдонулуучу микробго каршы препараттар. Этте
нитрофурандын болушу, канаттуу организмден антибиотиктерди чыгаруу
убактысы эске алынбастан, мөөнөтүнөн мурда союлганын көрсөтөт.

"Адам баласы антибиотиктер бар этти үзгүлтүксүз колдонсо, ал адамга таасир этпей калат, башкача айтканда иммунитет пайда болот, бул ден соолук үчүн өтө зыяндуу. Мындан тышкары, бул ичеги микрофлорасына да зыян келтирет", дейт министрлик.

Жогоруда айтып кеткен демилге боюнча чечимдин долбоорун ЕАЭБдин расмий сайтынан бул дарек боюнча окууга болот.

Чечим долбоорун коомдук талкуулоонун башталышы – 2023-жылдын 1-
августу, коомдук талкуунун пландаштырылып жаткан аяктоо мөөнөтү –
2023-жылдын 1-сентябры.

  • Кошумча маалымат алуу үчүн 0557557529 телефон номуруна чалсаңыздар болот.