"Алибаба" Кыргызстанда өкүлчүлүгүн жана логистикалык борборун ачууга кызыкдар

"Алибаба" кыргызстандык ишкерлерге марткеплейске кошулуу, акысыз окуу, компаниянын башкы кеңсесине баруу жана Дүйнөлүк банктан 10%дык арзандатуу бонустарын алуу мүмкүнчүлүктөрүн берет. Ошондой эле компания КРда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындай маалыматтар КРнын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев "Алибаба" маркетплейсинин өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтылды.

"Алибаба" кыргызстандык бизнесмендерге маркетлейске кошулуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен өзүнүн платформасын кеңейтүүгө даярдыгын билдирди. Буга акысыз окуу, "Алибабанын" башкы кеңсесине баруу жана Дүйнөлүк банктан 10%дык арзандатуу бонустары кирет. Бул үчүн Соода-өнөр жай палатасы потенциалдуу катышуучулардын тизмесин түзүп, аны компанияга жөнөтүүнү пландаштырууда.
Ошондой эле компания өлкө аймагында өзүнүн өкүлчүлүгүн жана логистикалык борборун ачууга кызыкдар экендигин билдирди. Бул аймакта электрондук коммерцияны жана жеткирүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң таасирин тийгизиши мүмкүн", - деп айтылат палатанын маалыматында.

Ошондой эле палатанын маалымат кызматы бул келечектүү демилге Кыргызстан менен "Алибабанын" ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоону, ошондой эле өз ара пайдалуу шарттарда бизнести жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет деп ишенет.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-августта КРнын Инвестициялар агенттиги менен Alibaba Singapore E-commerce Private Limited компаниясы Кыргызстандын ата мекендик продукциясын электрондук коммерция аркылуу Кытай рыногуна жылдыруу боюнча меморандумга кол коюшкан эле.