> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир жумада Чүй 874 тонна жемиш экспорттоду — кайсы облус кимге, канча, эмне, экспорттоду?
- URL: https://im.kg/biznes/2023/08/16/chui-oblusunan-874-tonna-zhiemish-rossiia-kazakstan-bielarus-olkoloruno-eksporttoldu/
- Published: 2023-08-16T04:46:30.000Z
- Updated: 2023-08-16T04:46:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Бир жумада экспорттун көлөмү 5 миң 120 тоннаны түздү. Облусттардын ичинен эң көп Чүй облусунан экспорттолду. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлиги берди.**

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 4-10-августуна карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 5 миң 120 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлгөн. 

## Экспорттун көлөмү боюнча:

1. Ушул жумада **Чүй облусунан 874 тонна** **жемиш** Россия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолгон.
2. Ушул жумада **Талас облусунан 416 тонна** **буурчак** өсүмдүктөрү Иран, Грузия, Өзбекстан, Россия, Пакистан өлкөлөрүнө экспорттолгон.
3. Ушул жумада **Ысык-Көл облусунан 130 тонна сарымсак** (чеснок) Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.
4. Ушул жумада **Жалал-Абад облусунан 65 тонна пахта буласы** Иран өлкөсүнө, 130 тонна каперсон Турция өлкөлөрүнө экспорттолгон.
5. Ушул жумада **Баткен облусунан 27 тонна чеснок, 24 тонна таарынды** (опилка), 19 тонна бадам Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине  
чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр  
алынган.