Бир жумада Чүй 874 тонна жемиш экспорттоду — кайсы облус кимге, канча, эмне, экспорттоду?

Бир жумада экспорттун көлөмү 5 миң 120 тоннаны түздү. Облусттардын ичинен эң көп Чүй облусунан экспорттолду. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлиги берди.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 4-10-августуна карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 5 миң 120 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлгөн.

Экспорттун көлөмү боюнча:

  1. Ушул жумада Чүй облусунан 874 тонна жемиш Россия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  2. Ушул жумада Талас облусунан 416 тонна буурчак өсүмдүктөрү Иран, Грузия, Өзбекстан, Россия, Пакистан өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  3. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан 130 тонна сарымсак (чеснок) Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  4. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан 65 тонна пахта буласы Иран өлкөсүнө, 130 тонна каперсон Турция өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  5. Ушул жумада Баткен облусунан 27 тонна чеснок, 24 тонна таарынды (опилка), 19 тонна бадам Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине
чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр
алынган.