Кыргызстанда биринчи исламдык камсыздандыруу терезеси ачылды

Кыргызстанда биринчи исламдык камсыздандыруу терезеси "Дордой" камсыздандыруу компаниясынын алдында ачылды. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 17-августта Бишкекте өткөн "КРдагы ислам каржы секторун өнүктүрүү" бизнес-форумунун жүрүшүндө айтылды.

Белгиленгендей, компания ислам такафул принциби боюнча камсыздандыруу тармагында кызматташууну сунуштайт. Шариат нормаларына ылайык, катышуучулар менен камсыздандыруу компаниясынын ортосунда пайда менен чыгымды бөлүштүрүү механизмине негизделген.

Система кандай иштейт?

Сиз төлөгөн такафул камсыздандыруу акысынан өзүнчө фонд түзүлөт, андан зарыл болгон учурда келтирилген зыяндар төлөнөт. Тиешелүү салыктар, тейлөө төлөмдөрү жана резервдер бул төлөмдөн алынып салынат. Андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү кайрымдуулукка жумшалат.

Эгерде келишимдин мөөнөтүнүн ичинде эч нерсе болбосо, анда келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин, сатуудан түшкөн салыкты кошпогондо, салымдын белгилүү бир өлчөмүндөгү үлүш кайра алынышы жана/же инвестицияланышы мүмкүн.