Каймак, малина, апельсин менен — нарындык Ecokurut курут сүйүүчүлөргө түрдүү даамдарды чыгара баштады
ИШКЕР MEDIA бизнес чөйрөсүнө жаңы кадам таштаган ишкерлерди жана алардын азыктары тууралуу баяндарын улантат. Эскерте кетсек, бул жарнамалык эмес, ишкерлерди маалыматтык колдоо максатында уюштурулуп келет, анткени Кыргызстандын алыскы аймактарындагы ишкерлер борбордо таанылууга, колдоого муктаж экенин редакция мыкты билет.
Бул жолку маекте куруттун онго жакын түрүн чыгарып, ишкерлигин баштаганына бир айдай боло элек нарындык Шерназар Мирбек уулу Ecokurut азыгы тууралуу айтып берди.
— Армиядан келгенден кийин ишкерлик боюнча "Ийгилик" деген академияда окуп калдым. Андан соң эле ушул ишти баштадым. Азыр бизде жайлоодо сарайыбыз бар, ал Нарындын Ат-Башы районунун Кара-Коюн деген Таш-Рабат жайгашкан капчыгайында. Ошол жерден жайды жайлата уй, бээ саайбыз, быйыл чакан цех курдум. Ал жерден эле сүттү саап, айран уютуп, сүзмө кылып, курут жасайбыз. Жалпысынан беш-алты адам алектенет.
Курут жасалгандан кийин аны кутуларга салып, жайлоодон шаарга жөнөтүшөт. Мен аны таңгактап, түйүндөргө сатыкка чыгарам. Куруттун түрлөрү боюнча айта кетсем, жети-сегиз түрү бар. Классикалык куруттун эле тоголок, мыкчыма, бор курут деген түрлөрү бар, алардын дагы каймак, малина жана апельсин менен жасалгандары да бар.
Курутту негизи күн катуу тийбеген, көлөкө, нымдуулугу азыраак болгон жерде сакташ керек. Эгер таза, туура жол менен жасалган курут болсо, ал сегиз жылга чейин сапатын жоготпой тура берет. Бирок бир жаман жагы бар, капкаттуу болуп, тиш өтпөй калат.
Нарындын куруту менен Оштун куруту айырмаланабы, билбейм, бирок куруттун даамы сүттөн, тагыраак айтканда, уйдун кандай чөп жегенинен көз каранды. Нарында бетеге чөп эмеспи, ошого курутта пайдалуу элементтер көп болушу мүмкүн.