Кытайдан жөнөтүлгөн посылкалар үчүн тез өткөрчү өтмөк уюштурулат

Кытайдан келген жөнөтмөлөр (посылка) үчүн тездетилген өтмөк уюштурулат. Бул тууралуу КР министрлер кабинети менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун өкүлдөрүнүн ортосунда кол коюлган макулдашууда айтылганын КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз тараптан Макулдашууга КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев кол койду.

Макулдашуунун максаттары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу жана тең укуктуулук принциптеринин негизинде экономикалык кызматташтыгына көмөктөшүү, сооданы ар тараптуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык почта жөнөтүүлөрүн жана трансчек аралык электрондук коммерция товарларын ташуу жана өткөрүүнү тездетүү максатында Тараптар  "Почтаны тез өткөрүү методун" аныкташат.

"Почтаны тез өткөрүү методу" – "Кыргыз почтасы" ААК эл аралык почта алмашуу жеринен "КЭРдин Синцзян-Уйгур автономиялуу районунун "Кашгар" эркин экономикалык зонасынын аймагындагы "Кытай почтасы" эл аралык почта алмашуу жерине" чейин жана кайра бери карай маршруту боюнча чек ара аркылуу эл аралык почта жиберүүлөрдү камсыз кылат", - дейт министрлик.

Тараптар почта жөнөтүүлөрүн кабыл алуу, жөнөтүүнү иштетүү процесстерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн ЭПАЖды, алмашуу пункттарын, ошондой эле башка базалык инфраструктуралык мекемелерди түзүүнү колдойт.