"Шоро" компаниясы Пакистанда өндүрүшүн ачууну талкуулады

"Шоро" компаниясынын өкүлдөрүнөн турган делегация Пакистанга барып, жергиликтүү ишкерлер менен биргелешкен ишканаларды ачуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Министрликтин маалыматына караганда, 14-августта "Шоро" компаниясынын өкүлдөрүнөн турган делегация Пакистандын Равалпинди соода-өнөр жай палатасына барып, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү жана продукциянын ар кандай түрлөрүн, атап айтканда, биргелешкен тамак-аш азыктарынын өндүрүшүн ачуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

"Иш-чаранын жүрүшүндө кыргызстандык ишкерлер пакистандык өнөктөштөр менен жергиликтүү рыноктун жана эки тарапка тең пайдалуу бизнестин өзгөчөлүктөрүн изилдөө үчүн B2B сүйлөшүүлөрүн жүргүзүштү", - дейт ТИМдин маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, "Шоро" көп жылдардан бери тышкы рынокто чыгып келет. Компаниянын продукциялары Россия, Казакстан жана АКШда сатылат. 2022-жылдан бери "Шоро" компаниясы Перс булуңунун өлкөлөрүнө да бөтөлкөдөгү суу сатып келет.


«Шоро» Бириккен Араб Эмираттарынын рыногуна кирди - Дубайда сатыла баштады
«Шоро» Компаниясы БАЭде бөтөлкөдөгү ичүүчү суунун сапаты боюнча сертификатына ээ болду. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди. Аталган сертификат бөтөлкөдөгү ичүүчү суунун жаңы техникалык стандарттарына жооп берген дүйнөлүк компанияларга берилет. “Эми Legend таза булак суусун…
«Шоро» компаниясы Араб Эмираттарына бөтөлкөдөгү сууну сатууга уруксат алды
«Шоро» ЖАК Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) бөтөлкөдөгү ичүүчү суусунун сапаты боюнча сертификат алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Бакыт Төрөбаевдин ишканага болгон сапары учурунда белгилүү болгонун минкабдын маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, «Шоро» к…
Мафия, коррупция, революциялар. Жумадыл Эгембердиев «Шоро» компаниясынын калыптануусу тууралуу
1992-жылы май айында Кыргызстандын базарында биринчи жолу максым суусундугу пайда болгон. «Шоро» компаниясынын негиздөөчүлөрү ага-ини Таабылды жана Жумадыл Эгембердиевдер сатууга алып чыккан 80 литр суусундук эки саатта эле түгөнүп калган. Ага-инилер эч кандай акчасыз жана имараты, өнөктөшү жок…