Камсыздандыруу компанияларынын кирешеси жарым жылда 1.8 млрд сомго жетти — 1.5 эсеге өстү

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында республиканын экономикасынын финансы секторунда 15 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүзүп, алардын кирешелери өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1.5 эсеге өсүп, 1.8 млрд сомго жеткен. Мында, кирешелердин негизги көлөмү (алардын жалпы суммасынын 82%ы) келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен алынды.

Улутстаткомдун берген маалыматына таянсак, үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 277.5 млн сом сальдолоштурулган пайда алынган, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 2.2 эсе көп.

"2023-жылдын 1-июлуна карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 183 миңге жакын камсыздандыруу келишимдер түзүлгөн, алардын 79%га жакыны жеке жактарга туура келди. Ошол эл учурда түзүлгөн келишимдеринин жалпы санынын 55%ы ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө туура келген", - дейт статистикалык комитет.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 2023 жылдын 1-июлуна карата 690 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу дээрлик 15%га  же 119 млрд сомго кыскарган. Камсыздандыруу суммасынын бир кыйла төмөндөшү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу, жарандардын курулмаларынын жана жеке медициналык камсыздандыруу келишимдери боюнча байкалган.

Ошондой эле комитет үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында 1.5 млрд сом камсыздандыруу салымдары келип түшкөнүн, бул 2022-жылдын I жарым жылдыгына караганда 1.5 эсеге көп экенин белгиледи.

Жылдын башынан тарта 4.7 миң камсыздандыруу учурлары белгиленди, алардын ичинен 49%ы ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөп берүүлөрдүн негизги суммалары ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга (алардын жалпы көлөмүнүн 78%ы) жана жеке медициналык камсыздандырууга (9%ы) туура келди.