> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "АМАН-ГРИНФУД", "АКВА ПРОМ", "ТОРО" – Кыргызстан Кытайга бал, эт жана балык экспорттоо боюнча  макулдашты
- URL: https://im.kg/biznes/2023/08/23/kytai-ievraziia-eksponun-zhyiyntyghy-kyrghyzstan-bal-et-zhana-balyk-zhietkiruu-boiuncha-eksporttuk-kielishimdierghie-kol-koidu/
- Published: 2023-08-23T04:28:26.000Z
- Updated: 2023-08-23T04:29:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Кытайга табигый бал, балык жана эт экпорттойт. Бул тууралуу Үрүмчү шаарында өткөн "ЭКСПО Кытай – Евразия азыктары жана соода-2023" көргөзмөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болгонун Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Министрлик бул көргөзмөнүн алкагында эт жана эт азыктарын, балык ошондой эле табигый балды экспорттоо боюнча келишимдер жана макулдашуулар ийгиликтүү түзүлгөнүн кабарлады.

- Жалпы суммасы 500 млн сомдон ашык **табигый балды экспорттоо** боюнча келишим түзүлгөн
- **20 миң тонна көлөмүндө балык** жана балык азыктарын экспорттоо
- экспортко **100 миң тонна эт** жеткирүү боюнча макулдашуу болгон.

Министрлер кабинетинин [маалыматына](https://im.kg/biilik/2023/08/21/kyrghyz-kytai-biznies-forumunda-1-mlrd-dollardan-ashuun-summadaghy-kielishimdierghie-kol-koiuldu/) таянсак, төмөнкү компаниялар макулдашышкан:

- КРдан **"АМАН-ГРИНФУД" ЖЧК** менен кытайлык " Xinjiang Deyuanxiang Trading Co., Ltd." компаниясынын ортосунда КРдан КЭРге балды экспорттоо жөнүндө макулдашуу
- КРдан **"ТОРО" ЖЧК** менен кытайлык «Tianjin KuaiXianSong Vegetable Sales Co., Ltd» компаниясынын ортосунда КРдан КЭРге эт экспорттоо жөнүндө макулдашуу
- КРнын **"АКВА ПРОМ" ЖЧК** менен кытайлык «Tianjin KuaiXianSong Vegetable Sales Co., Ltd» компаниясынын ортосунда КРдан Кытайга балык экспорттоожөнүндө макулдашуу.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/368282276_635237162031258_2436271046704776235_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/369076129_635237192031255_6430203444072232886_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/369159911_635237185364589_2852714471573392549_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/369247010_635237202031254_7991481710432474642_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/369592529_635237168697924_3711733744829127386_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/369798579_635237208697920_3163190498226643451_n.jpg)