"АМАН-ГРИНФУД", "АКВА ПРОМ", "ТОРО" – Кыргызстан Кытайга бал, эт жана балык экспорттоо боюнча макулдашты

Кыргызстан Кытайга табигый бал, балык жана эт экпорттойт. Бул тууралуу Үрүмчү шаарында өткөн "ЭКСПО Кытай – Евразия азыктары жана соода-2023" көргөзмөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болгонун Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрлик бул көргөзмөнүн алкагында эт жана эт азыктарын, балык ошондой эле табигый балды экспорттоо боюнча келишимдер жана макулдашуулар ийгиликтүү түзүлгөнүн кабарлады.

  • Жалпы суммасы 500 млн сомдон ашык табигый балды экспорттоо боюнча келишим түзүлгөн
  • 20 миң тонна көлөмүндө балык жана балык азыктарын экспорттоо
  • экспортко 100 миң тонна эт жеткирүү боюнча макулдашуу болгон.

Министрлер кабинетинин маалыматына таянсак, төмөнкү компаниялар макулдашышкан:

  • КРдан "АМАН-ГРИНФУД" ЖЧК менен кытайлык " Xinjiang Deyuanxiang Trading Co., Ltd." компаниясынын ортосунда КРдан КЭРге балды экспорттоо жөнүндө макулдашуу
  • КРдан "ТОРО" ЖЧК менен кытайлык «Tianjin KuaiXianSong Vegetable Sales Co., Ltd» компаниясынын ортосунда КРдан КЭРге эт экспорттоо жөнүндө макулдашуу
  • КРнын "АКВА ПРОМ" ЖЧК менен кытайлык «Tianjin KuaiXianSong Vegetable Sales Co., Ltd» компаниясынын ортосунда КРдан Кытайга балык экспорттоо жөнүндө макулдашуу.