Wildberries маркетплейсинде эң көп сатылган кыргыз товары – бул кийим

Wildberries соода аянтчасындагы эң популярдуу кыргыз товары бул кийим. Ал платформада КРнын бардык продукциясынын соодасынын 90%дан ашыгын түзөт. Бул тууралуу маалыматты маркетплейстин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматтарга ылайык, кийим-кече жарым жылдан бери базарда эң популярдуу товар болууда. Жалпысынан 2023-жылдын январь-июнь айларында Wildberries Кыргызстандан 10.4 млрд сомго товар саткан. Анын ичинен кийим-кече — 9.5 млрд сомго сатылган. Ошондой эле эң популярдуу товарлардын бештигине спорттук кийимдер (520 млн сомго сатылды), ич кийимдер (126 млн сомдон ашык), ымыркайлар үчүн кийимдер (57 млн сомдон ашык) жана баш кийимдер (дээрлик 34 млн сом) кирди.

Ошол эле учурда спорттук товарлар соодада эң чоң өсүштү көрсөткөн – жыл башынан бери аларды сатуунун көлөмү 947%га өскөн. Үй үчүн товарлар (735%га өскөн) жана эмеректер (414% га өскөн) да жакшы сатылган.
Союз тарагандан кийин КМШдагы эң чоң базарды курдуңар, ишкердик дух каныңарда бардай — Татьяна Бакальчук
Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук Кыргызстанга келип абдан таасирленгенин айтып, кыргыз жеңил өнөр жайы тууралуу китеп жазса болоорун ал Бишкекте өткөн E-comkg 2023 форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Татьяна Бакальчук Кыргызстанга биринчи жолу келгенин айтты. Көбүнчө башка…