Чек арадагы кырдаалдан улам ишкерлер, дыйкандар материалдык чыгымга учурап жатышат — Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы

Казакстан менен чек арадагы кырдаалдан улам Кыргызстандын дыйкандары жана айыл чарба өндүрүшчүлөрү ири материалдык жана моралдык чыгымга учурап жатышат. Бул тууралуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын кайрылуусунда айтылат.

Ассоциация Кыргызстандын мамлекеттик органдарына жана ЕАЭБ боюнча өнөктөш мамлекеттерге ачык кайрылуу жасады. Анда Кыргызстан менен Казакстан Бажы биримдигине мүчө экендиги, мамлекеттер ортосунда эч кандай экономикалык чектөөлөр жок болуш керектиги айтылат. Буга байланыштуу Ассоциация коңшу республика тараптан кыргызстандык ишкерлердин кызыкчылыгына зыян келтирип, белгиленген принциптерди бузуу байкалганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, документте Казакстан учурда өзүнүн аймагына кирүүнү токтотуп, КРдан жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө коюлганы да белгиленген. Натыйжада, Кыргызстандын дыйкандары жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү чоң материалдык жана моралдык чыгымга учурап жатышат.

"Биздин өнөктөштөрдүн аракеттери ЕАЭБдин алкагында өз ара аракеттенүү жана кызматташуу принциптеринин контекстинде белгилүү суроолорду жаратууда. КРнын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары бул жагдайды ЕЭКтин компетенттүү органы тарабынан кароо үчүн ыкчам жана жигердүү позицияны кармануусу жана белгиленген тартипте жана ченемдердин чегинде биримдиктин мүчөсүнүн иш-аракеттерине тийиштүү объективдүү баа алуусу зарыл", - дейт ассоциациянын директору Рустам Балтабаев.

Эске салсак, төрт күндөн бери кыргыз-казак чек ара бекеттеринин алдында жүздөгөн жүк ташуучу унаалар тизилип өтпөй турушат. 21-августта "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунун жарым күндүк иштөөсүндө чек арадан үч гана унаа өткөн. 23-августта чек арадан өткөн унаалардын саны 120дан ашкан, бирок бүгүнкү күнгө карата алардын саны 600гө жеткени айтылууда.

Кыргыз-казак чек арасында 500 чамасында жүк ташуучу унаа өтпөй турат
УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш кызматы 23-августка карата ”Ак-Тилек” жана ”Кең-Булуң” өткөрүү жайларынын алдында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калганын билдирди. Саат 13:00гө карата Кыргызстандан чыгуу үчүн ”Ак-Тилек-автодорожный” постунун алдында 493, ал эми «Кең-Булуң-автодор…