Стандартташтыруу борбору айыл чарба азыктарын экспорттоого ГМО сертификатын иштеп чыгат — Индиянын рыногу талап кылууда

Кыргызстандын Стандартташтыруу жана метрология борбору (СМБ) төө буурчакты жана башка айыл чарба азыктарын Индияга экспорттоо үчүн ГМО сертификатын тез арада иштеп чыгат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн ушул темага арналган тегерек столдо белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдан тарта Индияга ташылып барган айыл чарба продукцияларында ГМО (генетикалык модификацияланган организмдер) жок деген сертификаты болушу керек. Бирок Кыргызстанда ГМОнун жок экендиги тууралуу сертификат милдеттүү стандарттардын тизмесине кирбегендиктен, берилбейт. Ошондой эле документтин бул түрүн берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жок. Бул төө буурчак, картошка, помидор жана башка азык-түлүктөрдү экспорттоодо кыйынчылыктарды жаратууда.

Бул маселенин чечилиши айыл чарба тармагын, атап айтканда, төө буурчак тармагын өнүктүрүү багытында маанилүү. Индиянын рыногун жоготуп алуу атаандаштыктын төмөндөшүнө алып келет, бул төө буурчактын сатып алуу бааларына, ошондой эле фермерлердин кирешелерине терс таасирин тийгизет, деп белгилешти тегерек столдун катышуучулары.

СМБнын өкүлү аталган бөлүм тарабынан жакын арада сертификат иштелип чыгып, тиешелүү министрликтерге, андан соң индиялык тараптын кароосуна КРнын ТИМине бекитүүгө жиберилерин убада кылды.