«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору аркылуу 3.2 млрд сомго насыя берилди

2023-жылдын башынан бери «Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору аркылуу 3.2 млрд сомго насыя берилди. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору боюнча 2023-жылдын 25-августуна карата берилген насыялар боюнча кыскача маалымат.

Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 848 млн сомго 2024 насыя берилди, анын ичинен:

– “Айыл Банк” ААК, 474 млн сомго 1106 насыя;

– “РСК Банк” ААК,  374 млн сомго 918 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2.4 млрд сомго 5226 насыя берилди, анын иченен:

– “Айыл Банк” ААК, 1.1 млрд сомго 2496 насыя;

– “РСК Банк” ААК, 1.2 млрд сомго 2730 насыя.