> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баш калаанын түштүгүндө «Байтик Ресорт» курорту курулат
- URL: https://im.kg/biznes/2023/08/28/bash-kalaanyn-tushtughundo-baitik-riesort-kurortu-kurulat/
- Published: 2023-08-28T10:00:55.000Z
- Updated: 2023-08-28T10:00:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектен түштүктү карай 20 километр аралыкта «Байтик Ресорт» курорту пайда болот. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.**

Фонд маалымдагандай, учурда иштебей турган «Политех», «Кашка-Суу» жана «Оруу-Сай» эс алуу жайлары бир кластерге бириктирилет.

Долбоордун башкы максаттарынын бири – элди тоо лыжасына тартуу болуп саналат. Анын иши жай мезгилинде да иши токтобойт. Каалоочулар ысыктан калкаланып, спорт менен машыгып, убактысын кызыктуу өткөрүп кетсе болот. Эс алуу жайынын эң чоң артыкчылыгы - борбор калаага жакын жайгашкандыгы.

Бул долбоор 2022-жылы Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан демилгеленген. Жакында долбоор министрлеркКабинетинин төрагасына жана бир канча мекемелердин башчыларына жиберилген жана ал жактан андан аркы өнүктүрүү планы жактырылган.