Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү эски 15 пансионатты жаңыртып иштетүүгө инвесторлорду чакырды

Ысык-Көлдүн айлана тегерегинде бүгүнкү күндө ушундай 15 пансионат бар. Мамлекеттики же мамлекеттик мекемелердики.

Булар илгертен бери кароосуз калган же жакшы каралбай келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасында жазып чыкты.

Анын айтымында, бийлик пансионаттарды 49 жылга ижарага берүүгө даяр.

«Инвестиция салам, мен алам деген ата мекендик байларыбызды, чет өлкөлүк инвесторлорду чакырам. Келиңиздер, алыңыздар. 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканаларды салып иштетиңиздер. Албетте салган инвестициянарды кыска убакытта кайра чыгарып аласыңар дегенден алысмын. Бирок 49 жылда 3-4 эсе актайт деп ишенем», - деди президент.

Ошондой эле бул маселеге кызыккан ишкерлер болсо мамлекеттик мүлк фондусуна кайрылса болот. Негизги шарттар: алгандан кийин дароо инвестиция салып башташ керек. 3 жылдыздуудан жогору мейманканалар, коттедждер ж.б салынышы керек.