Ысык-Көлдө эл аралык агрофорум өттү

2023-жылдын 27-29-августунда Ысык-Көлдө «Борбор Азиядагы Агробизнес: Интеграция. Модернизация. Ийгилик» аттуу эл аралык саммит өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексиндеги вертикалдык жана горизонталдык интеграциянын натыйжалуу моделдери каралды. Пленардык сессия, тематикалык бөлүмдөр жана мастер-класстарда каржылоо моделдери, дан, картошка, сүт жана эт бизнесин өнүктүрүү стратегиялары, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү технологиялары сыяктуу темалар камтылды. Көргөзмөнүн алкагында агробизнес адистерине модернизациялоо чечимдери сунушталды.

Саммиттин алкагында агробизнести интеграциялоонун ийгиликтүү учурлары каралды. Саммиттин катышуучулары эл аралык уюмдардын, Айыл чарба ишканаларынын, Казахстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана башка Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ассоциацияларынын өкүлдөрү жана практиктери менен дискуссияга катышты, алар заманбап технологиялар менен таанышып, практикалык мастер-класстардын алкагында эксперттерге суроолорун узатышты.

Саммит фермерлерге, айыл чарба ишканаларынын жетекчилерине жана адистерине, айыл чарбасы үчүн жабдууларды жана өндүрүш каражаттарын берүүчүлөргө, бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик органдардын, финансы секторунун, кайра иштетүүчү ишканалардын жана соода-сатыктын өкүлдөрүнө багытталган. Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөн 300гө жакын катышуучу болду.

Саммит Айыл чарба министрлигинин жана Соода-өнөр жай палатасынын расмий колдоосу менен өткөрүлүүдө. Уюштуруучу-өнөктөш уюмдар менен биргеликте DLG (Эл аралык Айыл чарба жана азык-түлүк ассоциациясы).