Жети-Өгүздө үч чакан ГЭСтин курулушу башталууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Чоң-Жаргылчак дарыясында үч кичи ГЭСтин курулушу башталууда. Бул тууралуу Жашыл энергетика фонду билдирди.

Тактап айтканда, кубаттуулугу 6 МВт болгон «Чоң Жаргылчак» кичи ГЭСи, 6 МВт «Кичи Жаргылчак» кичи ГЭСи, 4 МВт «Ак Терек» кичи ГЭСи курулат.

Аталган чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлордун өнөктөшү жана инвесторлору  «40 Кэпитал Трест» ЖЧКсы, «ДАТТ Энерджи» ЖЧКсы жана «ИНТЕК» ЖЧКсы.

Курулуш иштерин быйыл баштоо пландалууда. Чакан ГЭСтердин 2025-жылы ишке кириши күтүлүүдө. Курулуш иштерине жана кичи ГЭСтердин мындан аркы эксплуатациясына жергиликтүү тургундар тартылат.