Өкмөт арактын минималдуу баасын 158 сомдон белгилөөнү сунуштады

Министрлер кабинети Кыргызстанда өндүрүлгөн аракка минималдуу бааларды белгилөөнү сунуштоодо. Тиешелүү чечим коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорго ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тарта даяр продукциянын 0.5 литринин дүң баасын 156 сом, ал эми ушул эле көлөмдүн чекене баасын 158 сом деп белгилөө сунушталууда.

Аракка минималдуу баанын белгилениши, жарлыктын авторлорунун айтымында, Кыргызстандын алкоголдук базарын «актоого» өбөлгө түзөт. Ошентип, Улуттук стастиктика комитетинин маалыматы боюнча, бул базардын жалпы жүгүртүүсү 2022-жылы 30 млн литрден ашкан. Алардын ичинен мыйзамдуу түрдө сатылган – 10 млн литрге жетпеген.

«Учурда республиканын базарларында арзан баада жасалма арак сатуу фактылары аныкталууда. Мыйзамдуу түрдө чыгарылган 0.5 литрлик арактын дүң баасы 156 сом, ал эми жасалма арак базарда өз баасында сатылууда. 0.5 литрлик бөтөлкө үчүн 120 сомдон», - деп айтылат долбоордун негиздемесинде.