> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 14 миңге жакын чакан жана орто ишканалар иштейт
- URL: https://im.kg/biznes/2023/09/06/kyrghyzstanda-14-minghie-zhakyn-chakan-zhana-orto-ishkanalar-ishtieit/
- Published: 2023-09-06T10:37:42.000Z
- Updated: 2023-09-06T10:37:42.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда 14 миңге жакын чакан жана орто ишканалар иш жүргүзүштү, анын дээрлик 95%ы чакан ишканаларга туура келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.**

Мында иштеп жаткан чакан ишканалардын 64%га жакыны өз ишмердигин Бишкекте жүргүзүшкөн. Чакан жана орто ишканаларда 86 миңге жакын адам алектенишкен.

2023-жылдын 1-июлуна карата Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтары боюнча республиканын аймактарында 450 миңге жакын жеке ишкер ишмердик жүргүзүштү. 

2023-жылдын январь-июнь айларында чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң нарктын көлөмү 160 млрд. сомго жакындады жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 28%га жогорулады. 

2023-жылдын январь-июнь айларында чакан жана орто ишкердик субъекттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 50 млрд. сомдон ашты, бул дээрлик 29%га көп.