Кыргызстанда 14 миңге жакын чакан жана орто ишканалар иштейт

2023-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда 14 миңге жакын чакан жана орто ишканалар иш жүргүзүштү, анын дээрлик 95%ы чакан ишканаларга туура келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Мында иштеп жаткан чакан ишканалардын 64%га жакыны өз ишмердигин Бишкекте жүргүзүшкөн. Чакан жана орто ишканаларда 86 миңге жакын адам алектенишкен.

2023-жылдын 1-июлуна карата Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтары боюнча республиканын аймактарында 450 миңге жакын жеке ишкер ишмердик жүргүзүштү.

2023-жылдын январь-июнь айларында чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң нарктын көлөмү 160 млрд. сомго жакындады жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 28%га жогорулады.

2023-жылдын январь-июнь айларында чакан жана орто ишкердик субъекттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 50 млрд. сомдон ашты, бул дээрлик 29%га көп.