Өкмөт кытайлык ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандагы кытайлык ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Төрөбаевдын айтымында, минкаб өлкөдө ишкерликти ынгайлуу жүргузүү жана өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгына токтолду.

«Биз чет элдик инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун колдоого жана аларды ишке ашырууга максималдуу жардам көрсөтүүгө ар дайым даярбыз», - деди Бакыт Төрөбаев.

Андан ары жолугушуунун катышуучулары ишкерлик жүргүзүп жаткан кытайлык ишкерлердин суроолорун угушту.

Кеңешменин жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдарына жана ведомстволоруна КРнын мыйзамдарынын алкагында укуктук чөйрөнү өркүндөтүү жана кытайлык компанияларга тоскоолдук кылган тоскоолдуктарды жоюу боюнча чараларды көрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.