Ошто «Түштүк Экспо – 2023» жарманкеси башталды

Ош шаарында «Түштүк Экспо – 2023» VII Эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеси башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Такталгандай, иш-чарага Россия, Германия, Кытай, Иран, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Оман мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан, анын ичинде Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Нарын облустарынан жеке ишкерлер катышат.

Иш-чаранын негизги максаты - ата мекендик ишканалардын продукциясын алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин рынокторуна чыгаруу, экономиканын түрдүү тармактарындагы акыркы жетишкендиктерди көрсөтүү жана андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.