«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 13 млрд сомдон ашык төктү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2023-жылдын июнь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 13 млрд 200 млн сом салык төлөсө, анын 9 млрд сомдон ашыгы алтынды сатуудан түшкөн каражаттан чегерилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.

«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 938.2 млн сом төлөгөн, анын ичинде:

• Талас облусун өнүктүрүү фонду (50%) – 469.1 млн сом;

• Талас районунун өнүктүрүү фонду (30%) – 281.4 млн сом;

• Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду (20%) – 187.5 млн сом.

Декабрь айына карата компанияда 863 кызматкер иштейт. Компания Талас облусунун тургундарынын ичинен 361 адамды окутуп, анын ичинен 222 жаран иш менен камсыз болгонун билдирди.