Кытайлык ишканалар Ош облусуна 920 млн долларга чейин инвестицияларды тартууга даяр

Ош облусун өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча бизнес форумдун алкагында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маанилүү меморандумга кол коюлду. Инвестициялардын жалпы көлөмү 920 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев менен Синьцзян эл аралык “Кытай бүркүтү” соода компаниясынын директору Чжан Вэньчжуан жана «Чонгцин Сокон Мотор Групп» ЖЧКсынын өкүлү Хэ Цзян менен ири өнөр жай комплексин куруу боюнча меморандумга кол коюшту. Долбоор жумуш орундарын түзүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана аймактагы экономикалык өсүштү стимулдаштырат.

Бул олуттуу макулдашуулар Ош облусу үчүн экономикалык өсүш гана эмес, эки өлкөнүн инвестиция жана соода тармагында жакындашуусун билдирет. Ошондой эле эл аралык кызматташтыкты жана экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу үчүн бизнес-форумдардын маанилүүлүгүн белгилейт.