Бишкекте ишкерлердин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн кыргызстандын Ишкерлер күнүнө карата Бишкектеги Тарых музейинде өлкө ишкерлерин сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жалпы ишкерлерди куттуктап, алар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, ишкананы ачуу, ишке киргизүү жана мамлекеттик бюджетке салыктарды үзгүлтүксүз төлөө аркылуу элдин байлыгын көбөйтүүгө өзгөчө салым кошуп жатканын белгиледи.

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бизнес өкүлдөрүн Ишкерлер күнү менен куттуктап жатып, Соода-өнөр жай палатасынын негизги милдеттеринин бири - өз ара аракеттенүү, ишкерлерди коргоо жана аларга көмөк көрсөтүү экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө бизнес негизги маселелер боюнча биригүүгө жана консолидацияланган позицияны билдирүүгө үйрөнүшү керек деди.