> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт айыл чарба продукциясын экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну сунуштады
- URL: https://im.kg/biznes/2023/09/20/okmot-aiyl-charba-produktsiiasyn-eksporttoogho-alty-ailyk-moonotko-ubaktyluu-tyiuu-saluunu-sunushtady/
- Published: 2023-09-20T04:50:02.000Z
- Updated: 2023-09-20T06:32:35.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, өкмөт айыл чарба продукциясын экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну сунуштады. Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.**

Такталгандай, тыую Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тийиштүү эмес. 

Эске салсак, 19-сентябрда Казакстандан келген ундун баасы көтөрүлүп, КР базарында сатылбай, Өзбекстанга реэкспорттолгону тууралуу маалымат чыккан. Маселе Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда министрлер кабинетинин жыйынында да каралды.