Өкмөт айыл чарба продукциясын экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну сунуштады

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, өкмөт айыл чарба продукциясын экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну сунуштады. Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Такталгандай, тыую Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тийиштүү эмес.

Эске салсак, 19-сентябрда Казакстандан келген ундун баасы көтөрүлүп, КР базарында сатылбай, Өзбекстанга реэкспорттолгону тууралуу маалымат чыккан. Маселе Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда министрлер кабинетинин жыйынында да каралды.