ЖИА АКШнын элчилиги менен “Жашыл каржылоо боюнча ачык жыйын” өткөрөт – ишкерлер чакырылат

28-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын жеке секторунун жашыл каржылоо боюнча ачык жыйыны өтөт. Иш-чаранын негизги максаты – КРнын ишканаларына инвестиция тартуу үчүн жашыл каржылоо механизмдерин аныктоо жана талкуулоо болуп саналат. Бул тууралуу ЖИАнын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага ишкерлер, мамлекеттик органдардын жана каржы мекемелеринин өкүлдөрү катышат. Жыйынды минкабдын өкүлдөрү, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жана бизнес-ассоциациянын өкүлдөрү ачат.

Иш-чаранын башкы спикери – Ричард Кауфман, Нью-Йорк штатынын энергетикалык изилдөө жана өнүктүрүү башкармалыгынын төрагасы, ошондой эле Generate Capital`дын төрагасы.

"Ал Нью-Йорк штатынын жашыл каржылоо, айрыкча кайра жаралуучу энергия тармагындагы тажрыйбалары менен бөлүшөт. Ошондой эле Кыргызстандын жашыл каржылоо чөйрөсүндөгү адистеринин катышуусунда жашыл каржылоонун негизги инструменттери талкууланат. Анда "жашыл" долбоорлорду субсидиялоо, жеңилдетилген "жашыл" насыялар, жашыл облигациялар, көмүртек насыялары (carbon credit), "жашыл" ипотека, компаниянын ESG көрсөткүчү тууралуу маалыматтар болот", - деп кабарлады ЖИА.

Жашыл ишкердикти илгерилетүү – бул БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Конференциясынын программаларынын алкагында климаттын терс өзгөрүшүнө жана глобалдык жылуулукка каршы күрөшүүгө улуттук салым кошуу боюнча КРнын ыктыярдуу милдеттенмелерине жана туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына жетүү үчүн негизги кыймылдаткыч күч болуп саналат.

Кыргызстандын жеке секторунун жашыл каржылоо боюнча ачык жыйыны JIA бизнес-ассоциациясы жана АКШнын КРдагы Элчилиги тарабынан уюштурулууда.