Чүйдүн 43 балык чарбасы текшерилип 8.3 млн сомго доо коюлду

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Ивановка, Милянфан, Кең-Булуң айыл аймактарындагы токой фондусунун жерлеринде жайгашкан 43 балык чарбасын текшерди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Мекеме белгилегендей, текшерүү Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата райондук прокуратурасынын катынын негизинде өткөрүлгөн.

Натыйжада КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 239-беренесине ылайык, жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдалануунун жаратылышты коргоо режиминин талаптарын бузгандыгы жана жогоруда аталган кодекстин 434-беренесине ылайык, ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, жазма буйруктарын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузгандыгы үчүн 239.5 миң сом айып пул салынды.

“Өкмөттүн “Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсепөөнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмү эсептелинип, жалпы 8.3 млн сомго доо коюлду”, - деп билдирүүдө белгиленген.