Визасыз режим туризмди өнүктүрөт – Жанар Акаев

Индиянын туристтери Казакстан менен Өзбекстанга көп келишет, бирок алар Кыргызстанга визасыз кире алышпайт. Бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев көтөрдү.

Анын айтымында, индиялык туристтерге коңшу мамлекеттер визаны аэропорттон ачып беришет, бирок бул ыкманы Кыргызстан колдонбойт.

“Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Грузия 103 өлкөгө визасыз режим киргизген, Өзбекстан 86 өлкөгө, Казакстан болсо 80 өлкөгө. Кыргызстан болсо Казакстан менен Өзбекстандан калды”, - деп депутат нааразычылыгын билдирди.

Ошондой эле Акаев Туризм департаментине Индиянын ишкерлерине мультивиза берүүнү сунуштап ыкчам чечимдерди кабыл алуунун зарылдыгын эскертти.