Компаньон Банк “Стартап Нация” хакатонун колдоду жана билим берүүчү стартапты сыйлады

Компаньон Банк 16-20-сентябрь күндөрү Бишкекте өткөн КР "Стартап-нация" масштабдуу хахатонунда өзгөчө өнөктөш банкы болду. Бул иш-чараны Accelerate Prosperity, Codify жана Kyrgyzpatent уюштурду. Бул хахатонго өздөрүнүн стартап-дараметин көрсөтүүгө умтулган жана $15,000 өлчөмүндөгү жалпы байге фонду үчүн атаандашкан 250 команда жана 1000 ашык катышуучу чогулду, алар 40 тажрыйбалуу ментордон баалуу кеӊештерди дагы алышты.

Банктын өкүлдөрү катышуучулар үчүн UX-аналитика, диджитал-маркетинг боюнча окутуу мастер-класстарын өткөрдү, ал эми 3 ментор долбоорлорду ийгиликтүү баштоого зарыл баалуу билим жана ресурстарды берип, катышуучулар менен түздөн-түз иштешти.

Бирок Банк муну менен чектелип калган жок. Компаньон Банкы $1,000 өлчөмүндө атайын байге уюштурду жана бул сыйлыкты инновациялык билим берүү тиркемеси үчүн ShiftED командасына тапшырды. ShiftED тажрыйбалуу насаатчылардын жардамы жаш адистерге өздөрүнүн карьералык жолун аныктоого жардам берген өзгөчө сервис болуп саналат.

Эмне үчүн ShiftED?

“Алар оригинал идеяны гана эмес, айкын бизнес-моделди жана өнүгүү планын көрсөтүштү, бул калыстардын жана хахатондун демөөрчүлөрүнүн көӊүлүн өзүнө бурду”, - деп системалык интегратор жана “Стартап Нация” хахатонунун ментору Тимур Ким кошумчалады.

Хахатондун жеӊүүчүлөрү ушул иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө кошкон маанилүү салымы үчүн Компаньон Банкына ыраазылык билдиришти. Катышуучулардын бири жана команданын IOS-иштеп чыгуучусу Айдин Бектурганов, банктын колдоосу менен хахатонго катышуудан “абдан зор жагымдуу таасир” алганын баса белгиледи.

“Компаньон Банкы инновациялык идеяларды жана стартаптар келечегин колдоого болгон мүмкүнчүлүгү үчүн сыймыктанат. Биздин максат – жаш ишкерлерге ийгиликке жетүүгө жана өздөрүнүн стартап-кыялдарын ишке ашырууга жардам берүү”, - деп Компаньон Банктын санарип бизнес жетекчиси Камила Райымбекова белгиледи.