Улуттук банк бир нече банктардын жетекчилигине сунушталган талапкерлерге макулдугун берди

Улуттук банк «Азия Банкы» ЖАК тарабынан директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Мухтар Бубеевдин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу КРУБ билдирди.

Ошондой эле, КРУБ «Айыл Банк» ААК тарабынан директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Максат Эржановдун талапкерлигине 2023-жылдын 26-сентябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.

«Айыл Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү жана аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Алтынай Суюмбаеванын талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.

Улуттук банкы «Кыргыз-Швейцариялык Банк» ЖАК тарабынан директорлор кеңешинин мүчөсү жана аудит боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна сунушталган Саломон Бенароштун талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.