"Чынардын" менеджери ишкерлерди 1 млн долларга алдап кетти: Нариман Түлеев компенсациялап берүүнү убадалады

«Чынар» соода борборунун кызматкери жарандарды 1 млн долларга алдап, АКШга качып кеткен. Бул окуя тууралуу 24.kg агенттиги жазып чыкты.

Такталгандай, Ырыс Кутбердиев “Чынардын” ичинде кафе ачууну ниеттенген. Ал инвестордон 30 миң доллар алып, соода борборунан жай издей баштаган.

«Мен дүкөндүн ижара бөлүмүнө бардым. Ал киши мага кеңеш берип, ижарага алган жай үчүн күрөө катары 10 миң доллар салууну суранды. Аны менен келишим түзүп, 1-июлда көчүп барышыбыз керек болчу», - деди Ырыс Кутбердиев.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, ижара башчысы ошол эле жайды 100гө жакын адамга ижарага берген.

Кырдаал «Чынардын» ээси Нариман Түлеев да айтып берди. Ал жабырлануучулар менен жолугуп, маселени дээрлик чечип койгонун белгиледи. Келтирилген чыгымдын баарын өз чөнтөгүнөн төлөп берүүнү көздөп жатат.

«Мен толук жоопкерчиликти өзүмө алдым. Мага кыйын болсун, бирок элге жеңил болот. Келтирилген чыгымдын алдын ала эсеби 700-800 миң долларды түзгөн. Булар ижарага акча которгондорун документтештирип алгандар. Келгендер да бар, ал да мага карыз деп айтып жатышат, бирок менеджер менен келишими жок», - дейт Нариман Түлеев.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон