Кыргызстандык бал өндүрүүчүлөр каттоодон өтүүгө милдеттүү

Бал өндүрүү боюнча иш жүргүзгөн жаран бал продукциясын андан ары сатуу жана экспорттоо үчүн мамлекеттик каттоодон өтүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги эскертти.

Өлкөдө бал челектерди идентификациялоо жана аары чарбаларына асыл тукум статусун берүү боюнча иш-чаралар активдүү жүргүзүлүп, ЖИКС (жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы) маалыматтык тутумуна каттоого киргизилүүдө.

Маселе жана суроо болсо Ветеринардык кызматтын жооптуу инспекторуна 0312 62-04-25 байланышыңыз.