Өкмөт банк секторундагы ашыкча пайдага салыкты киргизбейт

Экономика жана коммерция министрлиги банк тармагындагы ашыкча пайдага салыкты киргизүү маселесин карады. Бул маселе банк секторунун өкүлдөрүн кеңири тартуу менен ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин алкагында талкууланды. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Такталгандай, банк сектору жана жалпы эле бизнес чөйрөсү боюнча талкуунун жүрүшүндө ар кандай жагдайлардан улам банк секторунда үстөк пайдага салыкты киргизүү туура эмес деген пикирлер айтылды. Ушуга байланыштуу бул маселени биргелешип талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна ашыкча пайда салыгын киргизүү боюнча ченем киргизилген жок.

Ошентип, банк секторундагы үстөк пайда боюнча КРнын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Министрлер кабинети бул салыкты киргизүү боюнча сунуш киргизүүнү пландаган эмес.