«Альянс Алтын» Жерүйдүн жумушчуларына жаңы турак жай комплексин куруп берди

Жерүй кенинде 166 орундуу үч кабаттуу жаңы турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, имарат бир жылдын ичинде курулган. Курулушта эң заманбап экологиялык таза жана энергияны үнөмдөөчү материалдар колдонулган.

«Ар бир бөлмөдө жогорку сапаттагы эмеректер жана кызматкерлердин ыңгайлуулугу үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар», - деп белгиледи «Альянс Алтын» компаниясынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Андрей Шолоботко.

«Альянс Алтындын» жетекчилиги кызматкерлердин маанайы, өндүрүмдүүлүгү көбүнчө алардын жашоо шартынан көз каранды экенине ишенет. Алардын жайлуулугу компаниянын артыкчылыктарынын бири болуп саналат.