> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте шаурма жеген 21 адам ууланды
- URL: https://im.kg/biznes/2023/10/02/bishkiektie-shaurma-zhieghien-21-adam-uulandy/
- Published: 2023-10-02T04:30:05.000Z
- Updated: 2023-10-02T04:30:04.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектин Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш Лаваш» жана «Мидос» тез татымдарынан шаурма жегендер ууланышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, массалык уулануудан 21 адам жабыркады. 15 адам, анын ичинде 2 бала Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калган 6 адам амбулатордук дарыланууда.

> "Иликтөөнүн жүрүшүндө даяр шаурманын үлгүлөрү, ингредиенттер жана башкалар санитардык жана микробиологиялык изилдөөлөр үчүн алынды", — деп айтылат маалыматта.

Тез татым жайына бузуулар үчүн 72 миң сом айып салынып, бузууларды жокко чыгарганга убактылуу жабылды.

Ошондой эле саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектин мамлекеттик эпидемиялык көзөмөл борборунда жапырт уулануу фактысы боюнча кеңешме өткөрдү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/1696149159986.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/1696149159974.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/1696149159995-1.jpg)