Кыргызстанда системаны жана бизнести талдоо боюнча биринчи эл аралык конференция өтөт

Бишкекте 2023-жылдын 7-октябрында Борбор Азиядагы I аналитикалык курултай – КРдагы системаны жана бизнести талдоо боюнча I эл аралык конференция өткөрүлөт.

Кыргызстандын бизнес-аналитиктеринин коомчулугу Беларусь Республикасынан, Россиядан, Кипрден, Казакстандан тажрыйбалуу спикерлерди чакырган. Алар баалуу жана пайдалуу тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр. Спикерлер "Газпромнефть – Санариптик чечимдер", EPAM Systems, "Сбербанк", Geek Brains, Escalate, "ЮниКредит Банк", VEB Technologies ж.б. сыяктуу компанияларда иш алып барган жана иштеп келет.

Төмөндөгү тиркеме аркылуу кененирээк маалымат алсаңыздар болот: https://t.me/analystqurultay, https://t.me/ba_in_kg.