Бишкекте мыйзамсыз курулган унаа жуучу жай алынууда

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Токомбаев көчөсүнүн №1 үйдүн боюнда жайгашкан, жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн, жеңил конструкциядан   курулган унаа жуучу жайды демонтаждоодо. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жеринде башкармалыктын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

Буга чейин башкармалык тарабынан мыйзамсыз унаа жуучу жайдын курулушу аныкталып, КРнын мыйзамдарынын негизинде  мыйзамсыз  курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүү берилген.