«Манас» Жиддадан биринчи авиарейсин тосуп алды

«Манас» эл аралык аэропортунда Flynas авиакомпаниясынын Жидда-Бишкек-Жидда (Мекке) багыты боюнча биринчи рейсин тосуп алынды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

2023-жылдын 21-августунан тарта Flynas авиакомпаниясы 22 кишилик бизнес-класс салону менен 174 орундуу Airbus 320neo учактары менен Жиддадан Ошко жумасына 3 жолу түз каттамдарды аткарып келет.

Жиддага каттамдар жумасына үч жолу болот: шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү саат 00:05те, конуу 08:30да. Кыргызстандын борборунан кайра учуу каттамдары учуп келгенден 50 мүнөттөн кийин саат 09:20да башталат. Жидда аэропортуна кайтуу убактысы 12:30.

Flynas авиакомпаниянын  маршруттук тармагы жума сайын 1500дөн ашык каттамды тейлеген 70тен ашык ички жана эл аралык багыттардан турат. Эксплуатациялоонун бүткүл мезгилинин ичинде ташуучунун жалпы жүргүнчүлөр агымы 60 млн адамдан ашты.