Кантта нандын баалары текшерилди

2023-жылдын 6-октябрь күнү Канттын мэриясынын кызматкерлеринин катышуусунда нан чыгаруучу ишкерлер менен жолугушуулар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Такталгандай, шаардык наабайканаларда тандыр наны 30 сомдон 35 сомго чейин сатылууда. Ишкерлердин маалыматы боюнча, тандыр нанын жасоодо импорт унун колдонуп жатышкандыгын билдиришти. 1-сорттогу импорт унунун кымбатташы менен тандыр нанынын баасы 5 сомго чейин кымбаттаган.

Ишкерлерге Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгендиги боюнча маалымат берилди жана ишкерлерге тандыр нанын жасоодо кандай чыгымдар болуп жаткандыгы боюнча өздүк наркты аныктоо менен маалымат берүү боюнча тийиштүү билдирүүлөр таратылды.

Тийиштүү иш чаралар башка район жана шаарларда дагы жүргүзүлөт.