Мындан ары Кыргызстанда крим касса деген болбойт – Ташиевдин кайрылуусу

Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиев кайрылуусунда кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтотууга чакырды.

“Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат”, - деди мекеменин жетекчиси.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазага тартыларын эскертти.